Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франция Президентинин кеңешчиси Изабель Дюмон менен жолугушуу өткөрдү

206

2023-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франция Президентинин кеңешчиси Изабель Дюмон менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Кызматташтыкты мындан ары активдештирүү максатында министр Ж.Кулубаев жигердүү саясий байланыштарды колдоо, өз ара соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү, эки тарапты кызыктырган түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маанилүү экенин белгиледи.

Министр Ж.Кулубаев өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынын келечегине токтолуп, бул багыттагы долбоорлорго франциялык инвесторлорду жана адистерди тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Electricité de France» компаниясы менен долбоорлор боюнча кызматташууну улантууга тараптар кызыкдар экенин билдиришти.

Тараптар ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

  • 2023-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франция Президентинин кеңешчиси Изабель Дюмон менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Кызматташтыкты мындан ары активдештирүү максатында министр Ж.Кулубаев жигердүү саясий байланыштарды колдоо, өз ара соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү, эки тарапты кызыктырган түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маанилүү экенин белгиледи.

Министр Ж.Кулубаев өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынын келечегине токтолуп, бул багыттагы долбоорлорго франциялык инвесторлорду жана адистерди тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Electricité de France» компаниясы менен долбоорлор боюнча кызматташууну улантууга тараптар кызыкдар экенин билдиришти.

Тараптар ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK