Кызмат

Сапаттуу консулдук кызмат көрсөтүү максатында жана жарандардын ыңгайлуулугу үчүн, жарандардын консулдук кызматтарды алуусу үчүн алдын ала катталуу кызматы ишке киргизилген. Ушуга байланыштуу жарандарды кабыл алуу төмөнкү шилтемедеги алдын ала катталуу веб-сайты аркылуу боло тургандыгын кабарлайбызwww.antalyakonsulduk.com.

Консулдук кызмат көрсөтүү үчүн жарандарды кабыл алуу күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 9.00дөн 16.00гө чейин, даяр документтерди берүү ошол эле күнү саат 16.00дөн 17.00гө чейин жүргүзүлөт.

Консулдук кызмат алуу үчүн www.antalyakonsulduk.com/ веб-дареги боюнча алдын ала жазылуу зарыл.

Жашы толгон Кыргыз Республикасынын жарандары  паспортун жасатуу үчүн:

                                  1)  паспорттун түп нускасы + көчүрмөсү;

2) 2 даана сүрөт (4*6, биометрикалык, түстүү, таза ак фондо, бурчтары жок, сандары жана жазуулары жок жана көз айнексиз) + электрондук форматта (CD-диск же флешка);

3) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы + көчүрмөсү;

4) нике тууралуу маалымат (никелешүү, ажырашуу же болбосо жесир жөнүндөгү күбөлүктөрдүн бири) + көчүрмөсү;

Түркиянын каттоо бөлүмүндө расмий нике катталган учурда: Кыргыз же орус тилдерине нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен апостиль коюлган нике күбөлүгүнүн түп нускасы.

Түркиянын никелешүү тууралуу күбөлүгүнүн негизинде фамилия алмаштыруусу менен жаңы паспорт эки этапта алынат: 1) АИС ЗАГС системасы аркылуу тийиштүү форма толтурулуп 10 жумуш күн ичинде жарандын жеке маалыматтары иштеп чыгарылат, ал эми 2) фамилия алмаштырылгандан кийин жарандын жеке өзүнүн кайрылуусунун негизинде паспорт тапшыруу иш жүргүзүүсү башталат.

5) 30 доллар өлчөмүндө "GARANTI Bank, Güzeloba ", консулдук төлөм төлөөнөт, эсеп № 1301/9084038,  IBAN TR35 0006 2001 3010 0009 0840 38;

6) жалпы жарандык паспорт үчүн мамлекеттик төлөм (арыз ээсинин атына РСК Банкта төлөнөт - Башкы консулдукта төлөм кодун алгандан кийин төлөнүшү керек).

7) Паспортту даярдоо убактысы 2 ай.

Эскертме: Кээ бир учурларда кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн. Паспортту жоготкон учурда Түркиянын полициясынан жоготулгандыгы тууралуу маалымкат керек.

 

16 жашка толбогон Кыргыз Республикасынын жарандарына 

 жалпы жарандык паспортун жасатуу учун:

1) 2 даана сүрөт (4*6, биометрикалык, түстүү, таза ак фондо, бурчтары жок, сандары жана жазуулары жок жана көз айнексиз) + электрондук форматта (CD-диск же флешка);

2) паспорту бар болсо - паспорттун түп нускасы + көчүрмөсү;

3) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы + көчүрмөсү;

4) ата-энеcинин паспортунун түп нускасы + көчүрмөсү;

5) ата- энеcинин жазуу жүзүндөгү арызы (Элчиликте түзүлөт);

6) 30 АКШ доллары өлчөмүндө "GARANTI Bank, Güzeloba", консулдук төлөм төлөөнөт, эсеп № 1301/9084038,  IBAN TR35 0006 2001 3010 0009 0840 38;

7) жалпы жарандык паспорт үчүн мамлекеттик төлөм (арыз ээсинин атына РСК Банкта төлөнөт, Башкы консулдукта төлөө кодун алгандан кийин төлөнүшү керек).

8) Паспортту даярдоо убактысы 2 ай.

Эскертме: Кичине бала/кыз сөзсүз турдө Башкы консулдукка келүүсү зарыл. Кээ бир учурда балага паспорт жасатуу үчүн атасынын же энесинин нотариустан күбөлөндүрүлгөн маакулдугу керек. Эгерде ата – энесинин бирөөсү чет өлкө жараны болсо анда балага паспорт жасатуу үчүн  нотариалдык маакулдугу жана нотариустан тастыкталган паспорттун котормосу керек.

 

Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгүн каттоо

Кыргыз Республикасына кайтып келүү жөнүндө күбөлүк - бул Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүргөн жана ага Кыргызстанга кайтып келүү укугун берген убактылуу документ (жалпы жарандык паспорттун жоголгон, бузулган, жарактуу мөөнөтү аяктаган учурларда).

1. Толтурулган жана кол коюлган Анкета (Башкы консулдукта толтурулат);

2. Жарандык паспорттун, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көчүрмөсү же арыз ээсинин жарандыгын ырастаган башка документтер;

3. Паспорттун жоголгондугу / уурдалгандыгы жөнүндө полициядан билдирүү (жоголгон учурда);

4. Сүрөт электрондук форматта (CD-диск же флешка);

5. Консулдук төлөм - 10 АКШ доллары, "GARANTI Bank, Güzeloba", консулдук төлөм төлөөнөт, эсеп №1301/9084038,  IBAN TR35 0006 2001 3010 0009 0840 38.

6. билеттин көчүрмөсү жана башка документтер (керектүү учурда).

 

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү каттоо.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү каттоо үчүн ата-энесинин - Кыргыз Республикасынын жарандарынын же ата-энелеринин биринин - Кыргыз Республикасынын жаранынын жеке катышуусу төмөнкү документтерди көрсөтүү менен талап кылынат.

1. Ата-энелердин биргелешкен арызы (Элчиликте түзүлөт).

2. Кыргыз же орус тилдерине нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен апостилденген медициналык мекеменин күбөлүгү (Doğum raporları), туулгандыгын каттоого ыйгарым укуктуу органдын (Nufüs Müdürlüğü) күбөлүгү (Doğum bildirim formu жана Doğum kayıt örneği);

3. Кыргыз Республикасынын жарандарынын ата-энелеринин паспортторунун жана ID паспортторунун түп нускалары;

4. Баланын ата-энесинин никеси жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы;

5. Консулдук төлөм 10 доллар өлчөмүндө "GARANTI Bank, Güzeloba",  эсеп № T1301/9084038,  IBAN TR35 0006 2001 3010 0009 0840 38 төлөөнөт 

Документтерди мыйзамдаштыруу

Кыргызстан жана Түркия 1961-жылдагы Гаага конвенциясынын катышуучулары болуп, чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгарды. Кыргыз Республикасынын документтерин Түркиянын аймагында колдонуп жаткан учурда, документтин түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына кайрылышы керек (толук маалымат менен Юстиция министрлигинин http://minjust.gov.kg/ru/section/view/id/21 сайтынан таанышууга болот)

Бакы консулдуктун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилген расмий документтерге "Апостиль" коюуга укугу жок.

Айрым учурларда Түркиядагы жергиликтүү бийлик Башкы консулдук тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтерди кабыл алат. Күбөлөндүрүү үчүн алгач документти которуп, нотариалдык күбөлөндүрүүсү керек.

 

Нотариалдык иш-аракеттер

Анталья шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу аткарган нотариалдык иш-аракеттери тийиштүү кишинин жеке катышуусу менен арыз жана төмөндөгү документтерди берүү аркылуу ишке ашат:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту жана ID паспорту.
  2. Ишеним кат берилген адамдын паспортунун көчүрмөсү.

Берилген документтин түрүнө жараша:

-     Чет өлкөдө бир жашы жете элек баланы алып жүрүү учурунда, баланын паспортунун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк көчүрмөсү;

-     кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө болгон укуктарды башкаруу учурунда- тийиштүү документти тастыктаган көчүрмөсү (техпаспорт, кызыл китеп, автоунаанын техпаспорту, алым-сатым келишими ж.б.) талап кылынат.

Консулдук төлөм  "GARANTI Bank, Güzeloba",  эсеп № 1301/9084038,  IBAN TR35 0006 2001 3010 0009 0840 38 төлөөнөт 

 

Кыргыз Республикасынын визаларын алуу

Кыргыз Республикасынын визаларын Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнөн же "Манас" аэропортуна келгенден кийин алууга болот. Ошондой эле, https://www.evisa.e-gov.kg/ сайты аркылуу 90 күнгө чейин жарактуу Кыргыз Республикасынын электрондук визасын ала аласыз.

 

Кыргыз Республикасынын мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда төмөнкү

документтер тапшырылууга тийиш:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  1. Медициналык мекемеси тарабынан берилген, медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү);
  2. алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
  3. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  4. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).

Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн жоготсоңуз, төмөндөгү документтерди тапшырышыңыз керек:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  3. Медициналык мекемеси тарабынан берилген, медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү);
  4. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  5. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).

Кыргыз Республикасынын мурда берилген эл аралык айдоочулук күбөлүгү алмаштырылган же жоголгон учурда төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  3. алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
  4. Эки түстүү сүрөт (матовые, 3,5 х 4,5).

Түркияда каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине алып келүү чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку компенсацияны алуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 169 "Чет өлкөлөрдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу менен байланышкан чыгымдарды жабуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын жакын туугандары каза болгон күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен компенсация алышы үчүн, төмөнкү документтерди берүү керек:

- алуучунун паспортунун көчүрмөсү;

- туугандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

- өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык тастыктанган котормосу + апостиль.

 

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын СТАВКАЛАРЫ

 

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (сом)

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (АКШ долл.)

1

Идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү:

 

 

 

- анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу

 

30

2

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк берүү (МКК)

 

10

3

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу документтерин тариздөө

 

510

4

Баланын жарандыгын тандоо жөнүндө документтерди тариздөө

 

10

5

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгынын фактысын аныктоо):

 

 

 

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;

 

10

 

2) чет өлкөлүк жарандар үчүн;

 

50

6

Жарандык абалдын актыларынын жазууларын каттоо:

 

 

 

1) никеге турууну каттоо жана нике тууралуу күбөлүктү берүү

 

10

 

2) соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушун каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарапка)

 

50

 

3) аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу материалдарды каттоо жана тариздөө

 

10

 

4) туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү

 

10

7

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан аткарылуучу нотариалдык иш-аракеттер

 

10

8

Ишеним кат берүү:

 

 

 

1) автотранспорт каражаттарын пайдалануу жана тескөө укугуна

 

10

 

2) кредиттик операцияларды аткарууга

 

10

 

3) акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга

 

10

9

Камкорчулук, мураскордук жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү, алар менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу

 

20

10

Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу

 

25