Пайдалуу маалымат

Эскертүү / Түркияга бара жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маалымат.


Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда визасыз режим бар. Буга байланыштуу Түркияга кирген жарандар виза акысын төлөбөй, өлкөдө 90 күнгө чейин эркин жүрө алышат. Кирүүлөрдүн саны чексиз, бирок Түркияда болуу жалпы мөөнөтү 180 күндүк мөөнөт ичинде 90 күндөн ашпашы керек. Белгилей кетсек, визасыз режим иштөөгө укук бербейт.

90 күндүк мөөнөттөн кийин чет элдик жаранга Түркияда калууга уруксат берилбейт жана мыйзамсыз жүргөн учурда катуу чаралар көрүлөт. Эгерде өлкөдө мыйзамсыз жүрүү мөөнөтү 10 күндөн ашпаса, анда аэропортто айып пул төлөөгө туура келет. Айып пулду төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн депортациялоо, андан кийин мыйзамсыз жүргөн мөөнөтүнүн негизинде Түркияга кирүүгө тыюу салуу менен коркутулат.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз иштегендерге өтө катуу санкциялар колдонулат. Эгерде Түркияга кирген чет элдик жаран тиешелүү уруксат кагаздары жок турист катары иштей баштаса жана аны текшерүүчү мамлекеттик органдар аныктаса, анда алар айып пул төлөп, депортацияланат, андан кийин 5 жылга чейин Түркияга кирүүгө тыюу салынат.

Эгерде жаран оор кырдаалга туш болсо же мыйзамсыз аракеттерге туш болсо, дароо полицияга, полиция менен бирге КРнын Анталиядагы Башкы консулдугуна кайрылуу керек.

Түркия Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык, түрк тилин билбеген, жабырлануучу же шектүү болгон чет өлкөлүк жаран сотто анын кызыкчылыгын коргой турган котормочу жана адвокат сураганга укуктуу. Адвокат жана котормочу келгенге чейин эч кандай шартта көрсөтмө бербеңиз же кандайдыр бир документтерге кол койбоңуз, өзгөчө ал шектүү болгон учурларда.


Саякаттоодо эмнелерге көңүл буруу керек:


чоочун адамдар менен жолго чыкпагыла, алардын чыгымын төлөп бербегиле;
эгер сиз жалгыз саякатка чыксаңыз, кайда жана ким менен жүргөнүңүздү жакындарыңызга айтыңыз;
чет мамлекетке барардан мурун, адегенде анын жол-жоболору менен таанышыңыз: виза, жашоо шарттары жана нормалары ж.б.;
Ар дайым жаныңызда паспортуңуздун көчүрмөсү болушу керек, паспортуңузду эч кимге бербеңиз.

Чет өлкөдө иштегиңиз келсе, эмнелерге көңүл бурушуңуз керек:


бейтааныш адамдар сунуштаган жумушка макулдук берүүдөн мурун, жумуш тууралуу баарын билип, жакындарыңызга кабарлаңыз;
2023-жылдын башынан бери Түркияда минималдуу эмгек акы 8500 лира же 450 долларга жакын.
эгерде сизге 1000-2000 АКШ доллары өлчөмүндө айлык акы менен жумуш сунушталса, иш мыйзамдуу экенине ынанмайынча кабыл албаңыз;
эгерде жумуш берүүчү кийинчерээк жумуш төлөп берүүнү убада кылса, анын убадаларынын чындыгына ынанмайынча ишенбеңиз.

Түркияда керектүү тез жардам номерлери:

110 - өрт өчүрүү бөлүмү

112 - тез жардам

155 - полиция

157 - аялдарга жардам (адам сатуунун курмандыктары, анын ичинде орус тилинде)