2022-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошонов менен Анталья облусунун губернаторунун орун басары, чет өлкөлүк консулдук мекемелердин ишин көзөмөлдөгөн Айдын Абактын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

2157

Жолугушуунун жүрүшүндө Анталья провинциясында иштеп жаткан жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун актуалдуу маселелери кеңири талкууланды.

Башкы консул соода-экономикалык, социалдык-маданий жана миграция маселелери боюнча иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен иш жакынкы келечекте жогорку натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап иштиктүү байланыштарды туруктуу негизде улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK