2022-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошонов Кыргыз Республикасынын Алания шаарындагы Ардактуу консулу Хилми Билал Созен менен жолугушту

1833

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консул, Алания шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле экономикалык байланыштарды бекемдөө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Аны менен катар эле, Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу, Аланиядагы кыргызстандык жарандар өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын Алания шаарындагы Ардактуу консулдугунун дарегине кайрылса болоорун маалымдайт: Mahmutlar mahallesi. Yangılı caddesi 9A/2, Alanya, раб. тел.: +90 242 528 73 10, моб. тел.: +90 532 234 84 67, e-mail: h.bilalsozen@hotmail.com.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK