2022-жылдын 7-августунда Башкы консулдуктун кызматкерлери Анталья шаарындагы «Достук жана ынтымак» футбол турнирин уюштурган мекендештерди куттукташты

1922

Футбол боюнча достук мелдешине Кыргызстан, Казакстан, Сенегал, Камерун жана Кот-д'Ивуар мамлекеттеринин жарандары катышты.

Турнирдин жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон командаларга жана өзгөчөлөнгөн оюнчуларга Кыргыз Республикасынын Антальядагы башкы консулдугунун атынан грамоталар тапшырылды.

Келечекте уюштуруучулар мындай достук турнирлерин үзгүлтүксүз өткөрүп турууну пландап жатышканын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK