КР ТИМ Башчысынын Ирандын ТИМ Башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болдуР ТИМ Башчысынын Ирандын ТИМ Башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду

5653

     2020-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун  Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри    Джавад  Зариф  менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.
   Ч.Айдарбеков сүйлөшүү  учурунда, өзүнүн ирандык кесиптешин алгач  кирип келген  Нооруз майрамы менен куттуктады жана иран элинин башынан өтүп жаткан өлкөдөгү короновирус дартына  каршы күрөшүүдө баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгууну каалады. 
     Иран өкөсүндө коронавирустун чыгышына байланыштуу Кыргызстандын жүк ташуучу автомашиналарынын айдоочуларынын көйгөйлөрүн чечүүдө иран тарабынын жардамын жогору баалап, министр Ч.Айдарбеков министр  Дж.Зарифге  ыраазычылыгын билдирди, ошондой эле Азербайджан, Россия жана Казахстан  Өкмөттөрүнүн ортосундагы атайын ачылган коридор аркылуу, кыргызстандын  жүк ташуучу автомашиналарынын  айдоочуларын  Кыргызстанга кайтып келүүсүнө, Ирандан  тез арада чыгууга көмөк көрсөтүүсүн өтүндү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK