Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Турдакун Сыдыков ушул жылдын август-сентябрь айларында бир катар чет мамлекеттердин Иранда аккредиттелген элчилери менен жолугушту.

2645

Кыргызстандын Элчиси Т.Сыдыков сый сапары менен Казахстандынэлчиси Оразбай Асхат, Россиянын элчиси Леван Джагарян, Пакистандын элчиси Рахим Хаят Куреши, Тажикистандын элчисиНизомиддин Зохиди, Түркменистандын Элчиси Ахмет Гурбанов жана Өзбекистандынэлчиси Баходир Абдуллаевге барды.

Жолугушуулар учурунда тараптар аймактык соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү, элчиликтер ортосундагы мамилелерди бекемдөө жана ар кандай багытта биргелешип иш0чараларды өткөрүү жөнүндө маселелерди талкуулашты.

Кыргыз Элчиси Т.Сыдыков кесиптештерин Кыргызстанда болуп жаткан реформалар, акыркы маанилүү окуялар жана алдыдагы парламенттик шайлоолор жөнүндө маалымдады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK