ШКУнун региондор аралык соода-экономикалык кызматташуу форумуна жана соода-инвестициялык көргөзмөсүнө Кыргыз Республикасынын Элчилигинин катышуусу жөнүндө пресс-релиз

3350

Ушул жылдын 25-28-апрелинде Шандун провинциясынын Циндао шаарында соода-инвестициялык көргөзмө жана ШКУнун аймактар аралык соода-экономикалык кызматташуу форуму болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучулары Циндао шаарынын Эл Өкмөтү, Кытай Эл аралык Соода-өнөр жай палатасы, Эл аралык сооданы илгерилетүү боюнча Кытай комитетинин Шаньдун бөлүмү ж.б. болушту.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык климаты жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырышты. Улуттук павильон уюштурулуп, анда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы (бал, квас, энергетикалык суусундуктар жана алкоголдук ичимдиктер) көрсөтүлдү. Көргөзмөнүн катышуучулары жана коноктору кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн продукциясына чоң кызыгуу көрсөтүштү. Кыргыз компаниялары менен кытайлык импортерлордун ортосунда жогоруда аталган продукцияны Кытай базарына жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Мындан тышкары, форумдун жүрүшүндө Элчиликтин өкүлдөрү Шандун провинциясынын жетекчилиги, «Кытай-ШКУ» пилоттук аймагынын жетекчилери жана логистика, инвестиция, соода чөйрөсүндө иштеген бир катар кытайлык компаниялар менен жолугушту. Тараптар кыргыз продукциясынын Кытайга экспорттун көлөмүн көбөйтүү жана кыргыз компанияларынын Кытай базарына чыгуусуна шарт түзүү боюнча биргелешкен иш алып баруу боюнча макулдашууга жетишишти.

Коронавирус пандемиясынын учурдагы абалына жана анын социалдык-экономикалык кесепеттерин эске алуу менен, Элчилик мындай платформаларды (анын ичинде ири онлайн платформаларды) кыргыз өндүрүмүн кытай базарына экспорттоону илгерилетүү жана кыргыз экономикасына инвестиция тартуу үчүн колдонууга бардык аракеттерди көрүп жатат. Ушуга байланыштуу, Элчилик КРнын кызыкдар компанияларына өз продукцияларын Кытай базарына чыгууга көмөктөшүүнү улантууга даяр.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK