Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча маалымат

3370

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Мамлекеттик порталда www.tizme.gov.kg шилтемеси аркылуу шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздөрдүн аты-жөнүңүз бар же жок экендигиңиз тууралуу маалыматты алсаңыз болот. Ошондой эле, шайлоочулардын алдын ала тизмеси тийиштүү шайлоо комиссияларында илинет.

Эгерде, тизмеде ката же так эмес маалыматты көрсөңүздөр, шайлоочу арыз менен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына 2020-жылдын 29-декабрына чейин тийиштүү арыз менен (Форма-1) кайрылуу укугуна ээ, арызга өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү тиркелет, шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK