Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын КЭРгы Элчиси К.Батыгулова Пекин чет тилдер университетинин ректору Ян Дан менен жолугушуу өткөрдү жана кытай студентерине лекция окууду

2161

2021-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын КЭРгы Элчиси К.Батыгулова Пекин чет тилдер университетинин ректору Ян Дан менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун башында Элчи К.Бактыгулова Кыргызстандын ички саясий абал жана өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу, ошондой эле, 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өтчүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосу жөнүндө маалымат берди.

Тараптар билим берүү, жогорку окуу жайлар аралык өз-ара аракеттешүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, студенттер жана окуу материалдары менен алмашуу, ошондой эле китепканалар жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Элчи К.Бактыгулова Пекин чет тилдер университетинин кыргыз жана орус тилдеринде окуган студентерине Кыргызстан жана эки тараптуу кыргыз-кытай мамилелери жөнүндө лекция окууду.

Жолугушуунун аягында Элчи К.Бактыгулова университеттин окутуучулары жана кыргыз тилин окуп жаткан студенттери менен маектешти.

  • 2021-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын КЭРгы Элчиси К.Батыгулова Пекин чет тилдер университетинин ректору Ян Дан менен жолугушуу өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK