КЭРдин ШУАРга жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаева Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялуу районуна барыды

167

КЭРдин ШУАРга жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаева Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялуу районуна барып, Кытайдын этникалык кыргыздарынын маданий мурастары менен таанышты.

Артыш шаарындагы кыргыз элдик музейине жана Улуу-Чат ооданы маданий музейине баруу учурунда Элчиге КЭР ШУАР этностук кыргыздарынын турмуш-тиричилигинин, маданиятынын жана искусствосунун сакталып калган атрибуттары көрсөтүлдү.

Ошондой эле коноктордун алдында манасчыдан, комузчулардан жана элдик ырчылардан турган Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялуу округунун белгилүү элдик чыгармачыл жамаатынын катышуусунда спектакль уюштурулду.

Белгилей кетсек, Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялуу округунун аймагында 160 миңге жакын этникалык кыргыздар жашайт. ШУАРдын жетекчилиги тарабынан маданий мурастарды сактоо жана көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. Кыргыз маданиятынын өзгөчөлүктөрүн, каада-салттарын жана үрп-адаттарын көрсөтүү максатында «Манас» эпосун пропагандалоого жана кеңири жайылтууга өзгөчө көңүл бурулат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK