2019-жылдын 27-сентябрында Пекин ш. Кытай Эл Республикасында окуган кыргызстандык студенттер менен Элчилик тарабынан «Welcome Party» чарасы өткөрүлдү

3467

2019-жылдын 27-сентябрында Пекин ш. Кытай Эл Республикасында окуган кыргызстандык студенттер менен Элчилик тарабынан «Welcome Party» чарасы өткөрүлдү. Чаранын негизги максаты үстүбүздөгү жылда Кытайдын окуу жайларына өткөн жаңы студенттерди Кытайда өзүн алып жүрүүнүн эрежелери жана өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу болду.

Чаранын жүрүшүндө КРнын КЭРдеги Элчиси К.Бактыгулова сөз сүйлөп, чаранын катышуучулары дипломатиялык мекеменин жетекчисине жана кызматкерлерине өздөрүнүн суроолорун беришти. Элчиликтин кызматкерлери Элчиликтин иши, кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүүсү жөнүндө айтып беришип, студенттердин окууларындагы жетишүүлөрүнүн зарылчылыгын белгилешти. Андан тышкары, консулдук учетко туруунун эрежелери жөнүндө маалымат беришип, студенттердин Кытайдагы мыйзамдарды жана өздүк коопсуздуктун эрежелеринин сактоосунун керектигин билдиришти. Ошондой эле кыргыз тилине мамлекеттик тил катары статусунун берилүүсүнүн 30 жылдыгы тууралуу белгиленди.

Чарада Пекиндин ар-кайсы университеттеринен 70 жакын студенттер катышты. Алардын ичинен 2018-жылы Пекин шаарынды түзүлгөн «Union of Kyrgyz students» аттуу кыргыз студенттеринин уюмунун өкүлдөрү сөз сүйлөштү. «Union of Kyrgyz students» уюмунун өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө ылайык, уюмду түзүүнүн негизги максаты – Кыргызстандын студенттерине жардам көрсөтүү, алардын таланттарын жана шыгын ачууга чараларды өткөрүү, ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттердин ортосунда диалогду түзүү.

Чаранын жүрушүндө кыргызстандык студеттердин ичинен активисттерге Элчиликтин ыраазычылык каттары берилди.

  • 2019-жылдын 27-сентябрында Пекин ш. Кытай Эл Республикасында окуган кыргызстандык студенттер менен Элчилик тарабынан «Welcome Party» чарасы өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK