Документтерди мыйзамдаштыруу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралында № 60-токтому менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан же алардын катышуусу менен түзүлгөн жана чет мамлекеттин аймагында пайдалануу үчүн арналган документтер, эгерде чет мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарына ылайык аларды пайдалануу ошол чет мамлекетте ал мамлекетте мыйзамдаштырууну ишке ашыруу каралган учурларда мыйзамдаштырылат.

2. Чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга арналган документтер (мындан ары - чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн документтер) Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында аларды пайдалануу мыйзамдаштырууну ишке ашыруу зарылдыгы менен шартталса, бул Жободо белгиленген тартипте мыйзамдаштырылат.

Австрияда колдонуу үчүн, документтерди мыйзамдаштыруу

Документтерди мыйзамдаштыруу үчүн, Элчиликтин консулдук бөлүмүнө төмөнкүлөрдү алып келүү керек. Мыйзамдаштырыла турган документтин көчүрмөсү, төмөнкү мамлекеттик органдардын мөөрлөрү менен тастыкталышы керек:

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик нотариалдык конторасы;
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адвокатура жана нотариат башкармалыгы;
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти.

Кыргыз Республикасында колдонуу үчүн, документтерди мыйзамдаштыруу

Австриянын мамлекеттик органдары аркылуу берилген баардык документтер Кыргыз Республикасынла колдонуу үчүн, Австриянын  Тышкы иштер министрлигинен, Австриянын Юстиция министрлигинен мыйзамдаштырылышы керек жана орус же кыргыз тилине которулушу керек.

Эскертүү: Жогорудагы мамлекеттик органдардын мөөрлөрү/чаптамалары жок болгон учурда, документ мыйзамдаштырууга кабыл алынбайт.