Кыргыз Республикасынын Вена шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өкүлү (БУУ) Бакыт Джусуповдун Атомдук энергия боюнча эл аралык агентствосунун (МАГАТЭ) Башкы директору Рафаэль Мариано Гросси менен жолугушуусу болуп өттү.

4387

Туруктуу өкүл Б.Джусупов Р.Гроссини БУУ системасындагы жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, бул жоопкерчиликтүү кызматта ийгилик каалады. Бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк коомчулуктун алдында турган көйгөйлүү маселелердин чечилишинин эл аралык аянтчасы болгон МАГАТЭнин позициясы Р.Гроссинин жетекчилиги астында бекемделээрине ишенээрин билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар МАГАТЭнин алкагында кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашышты. Б.Джусупов Кыргызстан менен МАГАТЭнин саламаттыкты сактоо жана уран калдыктарын калыбына келтирүү боюнча кызматташуусу туруктуу жана бекем байланышта экендигине көнүл бурду.

Өз кезегинде Р.Гросси техникалык кызматташуунун алкагында иштеп жаткан долбоорлор улантылаарын жана Агенттик өлкөгө жардам көрсөтөөрүн, ошондой эле алардын ортосундагы илимий-техникалык маалымат алмашууга көмөктөшүү ниеттин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK