2021-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы туруктуу өкүлү, элчи Бакыт Джусупов ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жаңы дайындалган Жогорку Комиссары Кайрат Абдрахманов менен онлайн режиминде жолугушту.

3166

Маектештер Кыргыз Республикасы менен Жогорку Комиссардын өз ара аракеттенүү, анын ичинде, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. «Кыргыз жараны» - жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу, ошондой эле 2020-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында көп тилдүү жана көп маданияттуу билим берүү маселелерин ишке ашыруу боюнча Жогорку Комиссардын офисинин колдоосу менен жардамы белгиленди.

Туруктуу өкүл Б.Джусупов Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосун алган Кыргызстан элинин Ассамблеясынын жаңы статусу тууралуу маалымдады. Ассамблеянын Кыргыз Республикасындагы түрдүү этносторду консолидациялоодогу ролун белгиледи.

Өз кезегинде, К.Абдрахманов Жогорку Комиссар менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана жемиштүү кызматташтыктын позитивдүү тажрыйбасын белгиледи.

Тараптар Жогорку Комиссардын колдоосу менен тиешелүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK