КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин 28-отурумунун пленардык сессиясында сөз сүйлөдү

1626

2021-жылдын 2-декабрында Стокгольм ш. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин (ТИМК) 28-отурумунун пленардык сессиясында сөз сүйлөдү.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы ЕККУдагы өнөктөштөрдү былтыркы жылдын октябрындагы окуялардан кийин жүргүзүлө баштаган негизги саясий иш-чаралардын циклин соңуна чыгарган Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыктары жөнүндө маалымдады.

Эл аралык байкоочулар шайлоолордун жогорку деңгээлде уюштурулганына оң баа беришкени жана шайлоолор ачык-айкын жана атаандаштыктын негизинде өткөнү, бул Кыргызстандын жетекчилиги үчүн принципиалдуу мааниге ээ экендиги баса белгиленди. Ошол эле учурда Министр Р.Казакбаев эл аралык байкоочулардын бардык сунуштары, анын ичинде шайлоолордун электрондук тутумунун иштешине байланышкан айрым маселелер жана башка техникалык көйгөйлөр өлкөнүн жетекчилиги тарабынан кылдат каралып жатканы жана компетенттүү органдарга жетишпестиктерди жоюу жана мындан ары аларга жол бербөө боюнча тийиштүү тапшырмалар берилгени жөнүндө маалымдады.

Министр Р.Казакбаев регионалдык жана эл аралык уюмдар, алардын ичинде ЕККУ/ДИАУБ Миссиясы, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы, Шанхай кызматташтык уюму, КМШ, Жамааттык коопсуздук келишиминин уюму, Түрк тилдүү мамлекеттердин уюму, Ислам кызматташтык уюмунун эл аралык байкоочуларынын ачык-айкын жана отчеттолуучу шайлоолордун жүрүшүн камсыз кылуудагы чоң ролун белгилеп, алардын баарына аткарган жумушу жана конструктивдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өткөн жылдардагы саясий окуялар эркиндикти сүйгөн көп улуттуу Кыргызстан эли өлкөбүздүн чыныгы бийлигинин булагы болгондуктан, демократия жолунан эч качан кайтпай турганын көрсөттү. Биз негизги демократиялык принциптерди, мыйзамдын үстөмдүгүн, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону жактап келгенбиз жана жактоону улантабыз.  Кыргыз Республикасы шайлоо процессин жана өлкөнүн мыйзамдарын андан ары өркүндөтүү маселелерин талкуулоо үчүн эл аралык уюмдар, анын ичинде ЕККУ/ДИАУБ менен мындан аркы диалогго ачык», - деди министр Р.Казакбаев өз сөзүндө.

Регионалдык  коопсуздуктун учурдагы конъюнктурасынын контекстинде ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын өсүп келе жаткан ролу жана анын өнүгүүсүнүн мааниси баса белгиленди. Дүйнөлүк коомчулук Академияда афган жаштарына билим берүү боюнча макулдашуулардын ийгиликтүү ишке ашуусу жөнүндө маалымдалды. Министр Р.Казакбаев катышуучу мамлекеттерди афган багытындагы билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашырууда ЕККУ Академиясы, Борбордук Азиядагы Америка Университети жана Кыргызстандын ТИМнин алдындагы Дипломатиялык Академиянын потенциалын мындан да активдүү колдонууга чакырды.

Быйыл ЕККУ ТИМКнин күн тартибиндеги борбордук маселелердин бири болгон Афганистандагы абал боюнча темага токтолуп, Кыргыз Республикасынын ТИМ башчысы эл аралык коомчулуктун аракеттерин Афганистандагы тынчтык процессинин айланасында чогултууга чакырып, бул өлкөдөгү абалды стабилдештирүүнүн бардык тараптар үчүн алгылыктуу жолдорун табуу үчүн Афганистандын учурдагы жетекчилиги менен диалогду улантуу жана кызматташуунун компромистүү варианттарын табуунун зарылдыгы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын позициясын белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууга даярдыгы билдирилип, ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын алдында Афганистанды изилдөө борборун ачуу сунушталып, бул Борбор келечекте регионалдык жана эл аралык эксперттер үчүн Афганистанда жүрүп жаткан процесстерди изилдөө жана аларга реакция жасоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз академиялык талдоочу борбор болоору айтылды.

Кеңешменин катышуучуларына кыргыз тарабынын экология жана климат жаатындагы демилгелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун ушул жылдын  ноябрында Глазго шаарында өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясында көтөргөн БУУнун эгидасында климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү  жана адаптация  боюнча конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган кесиптештилирген фондду түзүү боюнча идеясы жана ЕККУнун колдоосу менен уран калдыктары бар шаарлардын өкүлдөрү катышкан Биринчи эл аралык конференцияны өткөрүү демилгеси боюнча маалымат алышты.

Министр Р.Казакбаев соода экономикалык байланыштарды колдоо жана бекемдөө маселелерине өзүнчө токтолуп, катышуучу мамлекеттерди ЕККУ мейкиндигинде адамдардын, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана инвестициялардын чек аралар аркылуу эркин жана коопсуз  өтүүсүн камсыздоо аркылуу бири-бири менен байланышын бекемдөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырды. Мындан тышкары, коррупцияга каршы күрөшүү жана санариптик трансформация Кыргызстандын жетекчилиги үчүн приоритеттүү маселелер бойдон калууда экени белгиленди.

Кыргыз Республикасынын ЕККУга киргенине келерки жылы 30 жыл толоорун эске алуу менен Министр Р.Казакбаев Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрликтеринин башчылары, ЕККУ Үчилтиги жана ЕККУнун институттарынын башчыларынын катышуусу менен “Борбордук Азия - ЕККУ” Жогорку деңгээлдеги кеңешмесин өткөрүүнү, анын жүрүшүндө кызматташтыктын жыйынтыктарын чыгарууну жана бардыгын камтуучу, кызматтыштыкка негизделген, Борбордук Азиянын жана жалпы ЕККУ аймагынын ажырагыс коопсуздугун камсыз кылуу боюнча болочок пландарды түзүүнү сунуштады.

Сөзүнүн аягында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргыз Республикасы Уюмдун бардык үч өлчөмдөгү ишине толук жана жигердүү катышууга даяр экендигин ырастап, консенсус принцибине негизделген мамлекеттер аралык тең укуктуу диалог үчүн инклюзивдик аянтча катары ЕККУнун уникалдуу  мүнөзүн сактоону чечкиндүү түрдө жактады. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK