2022-жылдын 19-сентябры Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

1245

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргыз Республикасынын жарандары курман болду.

Ушуга байланыштуу көңүл айтуу китеби 2022-жылдын 19- жана 20- сентябрында дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Вена шаарындагы Элчилигинде төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү болот: Invalidenstrasse 3/8, 1030 Вена.

Көңүл айтуу сөздөрүн Элчиликке 2022-жылдын 19- жана 20- сентябрында төмөнкү электрондук почта боюнча дагы жөнөтсө болот: kgembassy.at@mfa.gov.kg

Каза болгондорго терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK