КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев ЕККУнун институттарынын жетекчилери – Хельга Мария Шмид, Тереза Рибейро, Кайрат Абдрахманов жана Маттео Мекаччи менен жолугушту

714

2022-жылдын 1-декабрында Лодзь шаарында өткөн ЕККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев ЕККУнун институттарынын жетекчилери – Башкы катчы Хельга Мария Шмид, ЖМК эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро, Улуттук азчылыктар иши боюнча Жогорку комиссар Кайрат Абдрахманов жана ДИАУБдун директору Маттео Мекаччи менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун коопсуздуктун үч өлчөмү: аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана адамдык багыттагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Тараптар быйыл 30 жылдыгын белгилеп жаткан кызматташтыктын жетишилген деңгээлине канааттангандыгын билдиришти. А.Молдогазиев ЕККУга демократиялык процесстерге, өлкөнүн туруктуулугун жана коопсуздугун чыңдоого колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптештирүү жана акыйкат башкаруу, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо сыяктуу өлкө үчүн приоритеттүү багыттар боюнча ЕККУнун ишке ашырылып жаткан долбоорлорунун актуалдуулугун белгиледи.

ЕККУнун өкүлдөрү ЕККУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин жана үч өлчөмдүн алкагында ЕККУ тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо процесстерин демократиялаштыруу, өркүндөтүү, мыйзам үстөмдүгү, сөз эркиндиги жана адам укуктары, этностор аралык ынтымак чөйрөсүндөгү жетишкендиктерине мындан ары да колдоо көрсөтүлө тургандыгын ырасташты.

Аймактык күн тартибиндеги маселелер, атап айтканда, Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстер, ошондой эле бүгүнкү күндө региондогу мамлекеттердин алдында турган коопсуздук чакырыктары жана коркунучтары, жана аларды чечүү үчүн ЕККУнун колдо болгон инструменттерин жана механизмдерин колдонуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK