Туруктуу Өкүл Т. Макеевдин ОПЕК Фондунун Башкы директору Абдулхамид Алкалифа менен жолугушуусу жөнүндө Пресс-релиз

431

Ушул жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Венадагы Эл аралык уюмдарындагы Туруктуу Өкүлү Төлөндү Макеев Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун Эл Аралык Өнүктүрүү Фондунун (ОПЕК фонду) Башкы директору Абдулхамид Алкхалифа (Abdulhamid Alkhalifa) менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ОПЕК Фонду менен кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. КР Туруктуу Өкүлү ОПЕК Фондунун Башкы директоруна КР Президенти С.Н.Жапаровдун өлкөнүн тышкы карызын жабууга, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл экономика» жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга жана колдоого каралган каражаттарды багыттоо демилгеси жөнүндө маалымат берди.

Кыргыз Республикасы гидроэнергетика тармагында жогорку потенциалга ээ экендигин, бирок азыркы учурда анын 10% гана пайдаланылып жаткандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында ОПЕК Фондунун кароосуна «жашыл экономика» линиясы боюнча, атап айтканда ГЭСтерди, күн энергиясын пайдалануу менен станцияларды куруу, таштандыларды кайра иштетүү боюнча инвестициялык долбоорлор берилди.

ОПЕК Фондунун Башкы директору Кыргызстан менен кызматташуунун жогорку деңгээлин, КР билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, жол куруу ж.б. тармактарындагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу Фонддун колдоосуна алынганын белгиледи. ОПЕК Фонду Кыргыз тарап сунуш кылган долбоорлорду кылдат карап чыгат деп ишендирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен ОПЕК Фондунун ортосундагы практикалык өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу макулдашты.

 

Маалымдама: Кыргызстан менен ОПЕК фондунун ортосундагы кызматташтык 2010-жылы башталган. Бүгүнкү күндө ОПЕК Фонду Кыргыз Республикасында транспорт, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга 40 млн АКШ долларынан ашык бекитти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK