Кыргызстандын Австриядагы Элчиси Төлөндү Макеевдин Австриянын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык башкармалыгынын жетекчиси Георг Реберниг менен жолугушуусу болуп өттү

313

2023-жылдын 27-мартында Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчиси Төлөндү Макеев Австриянын климат жана айлана-чөйрөнү коргоо, энергетика, мобилдүүлүк, инновациялар жана технологиялар боюнча Федералдык министрлигинин алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык башкармалыгынын жетекчиси Георг Реберниг менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча пикир алмашып, экология тармагында кызматташуунун мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты. Кыргызстандын Элчиси, климаттын глобалдык жылышынын терс кесепеттери тоо мөңгүлөрдүн интенсивдүү ээришине себеп болгонун, мөңгүлөрдүн жок болуп кетүү коркунучун алдын алуу үчүн тоо экосистемаларын коргоо боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Т.Макеев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси боюнча 2022-жылдын декабрында кабыл алынган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын "Тоолордун туруктуу өнүгүүсү" аттуу резолюциясын Австрия тарабынын активдүү колдоосун жогору баалады. Азыркы учурда 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин алкагында активдүү иштер жүрүп жатат.

Буга байланыштуу Элчи австриялык кесиптешин КР Президентинин 2023-жылдын 7-январындагы кайрылуусу тууралуу жана анда КРнын тышкы карызын жашыл экономика жаатындагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга алмашуу сунушу айтылгандыгы жөнүндө маалымдады. Ошол эле учурда, Кыргызстандын жашыл экономикасынын инвестициялык, алардын ичинде энергетикалык объекттерди жана ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлору жөнүндө маалымат Г.Ребернигке берилди.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык башкармалыктын жетекчиси кыргыз тарап менен практикалык өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын биргелешип иштеп чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: Австриянын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык башкармалыгы ушул жылдын март айынан бери Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан швейцариялык долбоорднун өнөктөшү болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK