7-8-ноябрда Элчиликтин Австриянын аймактарында экономикалык дипломатияны ѳнүктүрүү Планынын алкагында, «Австриянын жашыл жүрѳгү» аталган Штирия аймагына Орто Азиянын Элчилеринин биргелешкен иш-сапары болду.

3425

Иш-сапардын жүрүшүндѳ Штириянын экономика, туризм, европалык жана эл аралык мамилелер, изилдѳѳ жана илим министри Барбара Айбиннгер-Мидл менен, Грац шаардык кеңешчиси Курт Хоэнсиннер менен, Штириянын Соода палатасынын директору Карл Хайнц Дерношег менен, Австрия технологиялык корпорациясынын директору Тино Терранео менен жолугушуулар ѳткѳрүлдү.

Орто Азия ѳлкѳлѳрүнүн Элчилери Грац шаарына барган биринчи күнү Австриянын жетектѳѳчү ИТ-компаниялары болгон «Bit-media E-solutions GmbH», «EEE Group» ишканаларынын штаб-квартирасына барышты. Ишканалардын жетектѳѳчү директорлору Манфред Бранднер жана Стефан Бюсс тарабынан ишкананын Орто Азия ѳлкѳлѳрүндѳ жасаган иштери тууралуу презентация кѳрсѳтүлдү.

«EEE Group» -ѳзүнѳ 7 ишкананы камтыган, 40 жылдык тарыхы бар, 20 жылдык эл аралык тажрыйбасы бар, 20 ѳлкѳдѳ долбоорлорду жүзѳгѳ ашырган ишкана. Ишкана ѳндүргѳн продуктылар менен австриянын мамлекеттик органдары жана институттары, финансылык уюмдар (Юникредит, Райффайзен), ошондой эле эл аралык «Даймлер», «Сименс», «Рейнметалл» жана башка ѳндүрүш гиганттары колдонушат.

          Сапардын экинчи күнү Элчилер Andritz Group ишканасынын жетекчилери менен жолугушуп, Грац жана Вайц шаарларындагы ири ѳндүрүшү кубаттуу ишканаларды кыдырышты.

Andritz Group –энергетика сферасында, целлюлоза-кагаз ѳндѳрүүдѳ, металлды кайра иштетүү жана металлургия тармагында дүйнѳлүк бирден-бир лидер болуп эсептелет. Группанын 170 жылдык тарыхы бар, 40тан ашуун ѳлкѳлѳрдѳгү 280 филиалында 29700 кызматкер эмгектенип, штаб-квратирасы Грац шаарында жайгашкан. Бул ишкананын Кыргызстанда кичи-ГЭС куруу боюнча тажрыйбасы бар.

          Жолугушуунун жүрүшүндѳ КРнын Элчиси Б.Джусупов Кыргызстандын экономикалык потенциалы жана инвестициалык климаты тууралуу маалымдады. Кыргызстанда чет ѳлкѳлүк инвесторлор үчүн либералдуу режим бар экендигин баса белгиледи. Андан сырткары, Орто Азия ѳлкѳлѳрүнүн экономикалык алакасынын ѳнүгүшү, Кыргызстандын КНР менен коңшулугу, ошондой эле ЕАЭСтин мүчѳсү болгондугуна байланыштуу ѳлкѳдѳ чет ѳлкѳлүк ѳндүрүүчүлѳр менен биргелешкен ишкана ачуунун перспективдүү мүмкүнчүлүктѳрү жѳнүндѳ айтылды. Австриялык ѳнѳктѳштѳргѳ Кыргызстандын соода-экономика багытындагы жана туристтик мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу маалыматтарды камтыган журналдар, буклеттер жана СД-дисктер берилди.

Ландшафт

Штирианын 16 440 км² аймагынын 58% токой каптаган. Айыл-чарбасында ашкабак, алма жана жүзүмдүн шарап сортторун ѳстүрүү чоң роль ойнойт.

Калкынын саны

Штирияда 1 240 000  адам жашап, анын 280 000 Штириянын борбору Грац шаарында жашашат. Штириандыктардын бир үй бүлѳсүнѳ 1,61 бала туура келет. Жашоонун орточо узактыгы эркектер үчүн - 79,2 жаш, ал эми аялдар үчүн – 84,1 жаш.

Экономикасы

Штириянын орчундуу экономикасы калктын экономикалык активдүү 66,8% адамдары түзгѳн кызмат кѳрсѳтүү чѳйрѳсү болуп эсептелет. 27,8% ѳндүрүш жана соода кызматында, 5,4% - айыл-чарба жана токой чарбасында эмгектенишет. Бир гана 2017-жылы Штириандыктар 6200 жаңы ишкана ачышкан.

2016-жылы Штириянын дүң ѳнүмү 44,283 млрд.еврону түзгѳн. НИОКРдын кѳрсѳтүүлѳрүнѳ ылайык Штирия Австриянын баардык федералдык аймактарынын алдыңкы катарында гана эмес, ошондой эле Европадагы эң мыкты аймак болуп саналат.

Иммиграция

2017-жылы 15600 адам Австриянын «Жашыл жүрѳгүнѳ» кѳчүп келишип, кѳпчүлүгү ѳзүнүн жаңы үйү катары Грац шаарын тандашкан. Иммигранттардын кѳбүрѳѳк бѳлүгүн ЕС ѳлкѳлѳрүнүн, анын ичинде Румыниянын, Германиянын, Хорватиянын жана Венгриянын жарандары түзгѳн.

Билим

Азыркы учурда Штириянын университеттеринде жана колдонмо илим университеттеринде 60000 студент билим алышат.

  • Иш-сапардын жүрүшүндѳ Штириянын экономика, туризм, европалык жана эл аралык мамилелер, изилдѳѳ жана илим министри Барбара Айбиннгер-Мидл менен, Грац шаардык кеңешчиси Курт Хоэнсиннер менен, Штириянын Соода палатасынын директору Карл Хайнц Дерношег менен, Австрия технологиялык корпорациясынын директору Тино Терранео менен жолугушуулар ѳткѳрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK