2019-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Словак Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Словак Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министрлигинин Башкы катчысы Лукаш Паризеке Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

3747

Лукаш Паризек Кыргызстандын Словакиядагы Элчиси катары дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгиледи. Эки өлкөнүн ортосунда өз ара кызматташууга чоң потенциал бар экендигин айтып, аны боордош эки элдин кызыкчылыгы үчүн колдонуунун зарыл экендигин белгиледи.
Өз кезегинде Элчи Бакыт Джусупов кыргыз-словак мамилелерин андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн баардык күчтөрүн жумшоого даяр экендигин билдирди.
Ошол эле күнү, Элчи Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия департаментинин директору Михал Сливович менен жолукту. Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык актуалдуу маселелерин талкуулашты жана аларды андан ары өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

  • 2019-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Словак Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Словак Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министрлигинин Башкы катчысы Лукаш Паризеке Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK