Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы элчиси К.Осмоналиев менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Байланыш министерствосунун Жарандык авиация жана суу транспорту белумунун начальниги А.Матмуратов жана «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Башкы директорунун орун басары Д.Арынов.менен онлайн жолугушуусу болуп өттү

1818

      2022-жылдын 9-мартында Элчиликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы элчиси К.Осмоналиев менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Байланыш министерствосунун Жарандык авиация жана суу транспорту белумунун начальниги А.Матмуратов жана «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Башкы директорунун орун басары Д.Арынов менен онлайн жолугушуусу болуп өттү. 

          Жолугушуунун негизги темалары болуп Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы түз же транзиттик аба каттамдарын калыбына келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасы-Грузия каттамы боюнча талкуулоо болду. Тараптар өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги факторлору ыңгайлуу логистикалык чечимдердин бар экендигин белгилеп кетишти.

          Сүйлөшүүнүн аягында жолугушуунун катышуучулары бул маселени изилдөө боюнча биргелешкен «жол картасын» иштеп чыгууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK