Кызмат

Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү

Кыргыз Республикасынын жараны жалпы жарандык паспортун жоготкон же паспортунун колдонуу мөөнөтү аяктаган учурларда убактылуу жолдо жүрүү документин – Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгүн (ККК) берүү тууралуу өтүнүч арызы  менен Индия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигине кайрылат. 

Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү Кыргызстанга кайтып келүү үчүн гана берилет жана иштөө мөөнөтү – 30 күн. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин арыз ээси 15 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жаңы паспортту тариздөө жана Кайтып келүү күбөлүгүн берүү (ККК) үчүн кайрылууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгүн алуу үчүн кайрылуучу өзү келип төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

  1. Индия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин атына паспортунун жоголгону/бузулганы же колдонуу мөөнөтү аяктаганы тууралуу бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүп, кеңири түшүндүрмө берүү менен жазылган арызы;
  2. Анкета;
  3. 3 х 4 см өлчөмдөгү үч сүрөт (түстүү, ак фондо);
  4. Документ бузулган учурда – Кыргыз Республикасынын жаранынын  жалпы жарандык паспортунун түпнускасы;
  5. Документ жоголгон учурда – паспорттун копиясы (тышкы же КР ID-картасы);
  6. Документтер жок болсоКыргыз Республикасынын экиден кем эмес жаранынын арыз берүүчүнүн инсандыгын тастыктаган жазуу жүзүндөгү арыздары, алардын паспортторунун көчүрмөсүн тиркөө менен;
  7. Полициядан паспорттун жоголгону/уурдалганы тууралуу маалымкат;
  8. Консулдук жыйым акысы 20 АКШ долларын түзөт.