Индиядагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси А.Исаевдин "ЕАЭБ - Латын Америка жана Кариб деңизи: трансконтиненталдык өнөктөштүк" форумуна катышуусу жѳнүндѳ

2905

2021-жылдын 27-июлунда, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Асеин Исаев Индиянын Экономикалык Соода Уюму (IETO) тарабынан уюштурулган "ЕАЭБ - Латын Америка жана Кариб деңизи: Трансконтиненталдык өнөктөштүк" форумунда сөз сүйлөдү.

Иш-чарага IETOнун жетекчилиги, Индиянын Маданий Дипломатия Борбору, дипломатиялык корпустун, академиялык чөйрөнүн, Индиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү ж.б. катышышты.

Өз сөзүндө А.Исаев ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге катышуусу жөнүндө кыскача маалымат берди жана ЕАЭБ менен Индиянын ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун эртерээк макулдашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги жөнүндө кылдат пикир алмашуу болду.

Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын инвестициялык, туризм, соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тиешелүү маалыматтар берилди. Эки тараптуу кыргыз-индия иш-чараларын өткөрүү боюнча бир катар келишимдер жетишилип, ошондой эле Кыргызстанда конкреттүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды, буга байланыштуу Индиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү Кыргыз Республикасына келүү ниетин билдиришти.

Мындан тышкары, форумдун алкагында Индия менен ЕАЭБдин ортосунда Соода Кеңешин түзүү боюнча келишимдерге жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK