Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Индиянын алдыңкы кеңири профилдүү «Фортис» жана «Дхарамшила Нараяна» клиникаларынын жетекчилери менен жолугушуулары болуп өттү

2026

Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Нью-Дели шаарында “Индия-Борбордук Азия” диалогуна катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Индиянын алдыңкы кеңири профилдүү «Фортис» жана «Дхарамшила Нараяна» клиникаларынын жетекчилери менен жолугушуулары болуп өттү.

Жолугушуулардын негизги максаты Индия клиникаларында кыргызстандык бейтаптарды дарылоо шарттарын оптималдаштыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо жана карап чыгуу болду.

Жолугушууда КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан алдыңкы маалыматтык технологияларды колдонуу үчүн шарттарды түзүүгө, медициналык адистерди даярдоого жана заманбап ооруканаларды курууга багытталган реформалар тууралуу айтып берди.

Чет мамлекеттерге, тактап айтканда, Индияга органдарын трансплантациялоо үчүн дарыланууга кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын көптүгүн эске алып, министр Р.Казакбаев телемедицинаны Кыргызстандын бардык жети облусуна жайылтуу, Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарында диагностикалык борборлорду ачуу маанилүү экенин белгиледи. Бул контекстте министр өз ара кызматташуунун келечегин талкуулоо максатында индия дарыгерлерин Кыргыз Республикасына келип, медицина тармагын изилдөөгө чакырды.

Өз кезегинде «Фортис» ооруканалар тармагынын жетекчилиги Индия клиникасынын маалыматтык-консультативдик борборлорун Бишкек жана Ош шаарларында ачуу ниети тууралуу айтып берди, анын максаты кыргыз бейтаптарын «Фортис» клиникаларында дарылоону уюштуруу, ошондой эле органдарды трансплантациялоо боюнча тажрыйба алмашуу, Кыргыз Республикасынын дарыгерлери үчүн тренингдерди, мастер-класстарды өткөрүү.

«Дхарамшила Нараяна» клиникасынын өкүлдөрү жакын арада Бишкекте расмий өкүлчүлүгүн ачуу пландары тууралуу маалымдашты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын жеткиликтүү баада дарылоону уюштурууга даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Р.Казакбаев Индиянын «Фортис» жана «Дхарамшила Нараян» клиникаларынын жетекчилерин Кыргыз Республикасына чакырып, зарыл жардамды көрсөтүүгө, анын ичинде КР Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары жана бизнес коомчулугу менен жолугушууларды уюштурууга даяр экендигин белгиледи. Тараптар медицина тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо жана талкууланган сунуштарды андан ары ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK