Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 30 жыл
Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 18-мартында түзүлгөн.
1992-жылы Индияда Кыргыз Республикасынын Элчилиги ачылган.
1993-жылы Кыргыз Республикасында Индиянын Элчилиги ачылган.
Кыргызстан менен Индия бүгүнкү күндө достук мамиледеги гана эмес, стратегиялык өнөктөштөр.
2019-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосунда эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түзүү жөнүндө декларацияга кол коюлган.
Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери саясий өз ара ишеним тынымсыз чыңдалып, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу ар тараптуу өнүгүп келе жатат, ошондой эле аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы өз ара аракеттенүү тереңдетүлүүдө.