КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индиянын Тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен жолугушту

1471

2022-жылы 29-июлда ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин отурумунда катышуусунун алкагында КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Индиянын Тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен жолугушуусу өтүп, анын жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-индия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагындагы коомчулукту өнүктүрүүгө багытталган тез таасир долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттык жардам долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) отурумдарын өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

ӨАК соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүүнүн негизги инструменттеринин бири экенин эске алып, тараптар аны жыл сайын өткөрүүнүн жана жолугушуулардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды милдеттүү түрдө ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар ошондой эле жогорку жана эӊ  жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды, маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Министр Ж.Кулубаев белгилегендей, учурда кыргыз тарап Украинадагы кырдаалдан улам мекенине кайтууга аргасыз болгон индиялык студенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү кыргыз тарабы жактан изилденип жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн кызыкчылыктарын камтыган бардык багыттар боюнча, анын ичинде эл аралык уюмдарда өз ара колдоо көрсөтүү боюнча кыргыз-индия мамилелерин чыңдоо жана өнүктүрүү багытын улантуу боюнча макулдашуулар жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK