Кыргыз Республикасынын Шри-Ланкадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бешимов Шри-Ланканын Президенти Ранилу Викремесингхеге Ишеним грамотасын тапшырды

232

  • 2024-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Бешимов Шри-Ланканын Президенти Ранил Викрмесинхеге Ишеним грамотасын тапшырды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-ланкалык салттуу достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Шри-Ланканын Президенти Ранил Викремесингхе Элчи Аскар Бешимовду жылуу кабыл алып, ага Шри-Ланка менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча ийгилик жана жемиштүү иш каалады.
Элчи А.Бешимов Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун салам сөздөрүн жана жакшы каалоолорун айтып, кыргыз-ланкалык эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK