Индияда Кыргызстандын туристтик «Роуд-шоусу» болуп өттү

4209

2020-жылдын 15-январында Нью-Дели шаарында КРнын Индиядагы Элчилиги КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Индиянын Соода-ѳнѳр жай палаталарынын Федерациясы (FICCI) менен бирге уюштурган туристтик «Роуд-шоусу» ѳткѳрүлдү.

Аталган иш чаранын алкагында КР ММТМ алдындагы Туризм департаментинин Директору Максат Дамир уулу Кыргыз Республикасынын туристтик дарамети тууралуу өлкө презентациясын көрсөтүп, өз сөзүндө Кыргызстанга туристтин санын олуттуу өсүшү үчүн КР бүгүнкү күндө бардык мүмкүн болгон күч-аракетин жумшап жатканын, Индия дүйнө жүзүндө көчмө туризм боюнча Кытай жана АКШдан кийинки үчүнчү өлкө экенин баса белгиледи.

Элчи А.Исаев, өз кезегинде, КРнын Индиядагы Элчилиги индиялык туристтерди, анын ичинде инвестицияларды Кыргызстандын туристтик тармагына тартууну пландаган туркомпанияларга өнөктөш катары кызматташтык үчүн ар дайым ачык экенин баса белгилеп өттү.

Ошондой эле, туризм Кыргыз Республикасында артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептеленеерин жана Кыргызстандын Өкмөтү КРда туризм индустриясынын мындан аркы өнүгүүсү үстүндө иш алып барып жаткандыгын белгиледи. А.Исаев Кыргызстанды туризм үчүн жагымдуу өлкө катары оң кадыр-баркынын, туристтик инфраструктураны жакшыртуу, ж.б. үстүндө ишти күчөтүү тууралуу айтып өттү.

Раджан Сегал, Индиянын туристтик агенттеринин Ассоциациясынын башкаруучу комитетинин (TAAI) мүчөсү жана гольф-туризмдин Индия ассоциациясынын (IGTA) президенти өз сөзүндө, эки өлкөнүн лидерлери өз ара соода жана инвестицияларга багытталган секторлордогу шарттарды түзүү жана жакшыртуу боюнча эки жактын кызыкчылыгын көрсөтүшкөнүн белгиледи.

Туристтик «роуд-шоунун» дагы бир өзгөчөлүгү болуп Болливуд продюсери Амит Аггарвалдын жана ошондой эле Болливуд актеру Срман Джейндин Кыргызстанда фильм жана музыкалык клиптерин тартуу тажрыйбалары тууралуу бөлүшкөндүгү болду.

Баардыгы болуп иш чарада Индиянын 30га жакын ири алдыңкы туристтик компаниялары катышып, алар Кыргызстан менен Индиянын туристтик секторлорунун ортосундагы ишкердик байланыштарды түзүү жана жөнгө салуу боюнча активдүү кызыкчылыгын билдиришти.

Мекендик турбизнестин атынан C.A.T. Company», «East West Travel», «Travel Land Kyrgyzstan», «Rayan Tour» жана Кыргызстандын курортторунун Ассоциациясы катышышты.

Элчилик тарабынан Кыргызстандан алынып келинген салттуу тааттууларынан жана кургак жер-жемиштеринен иш чаранын ар бир коногу даам сызып туруу үчүн КРнын бурчтугу уюштурулду.

Бул «роуд-шоуну» өткөрүүдөн соң Кыргызстан менен туризм тармагында мындан ары кызматташтыкка кызыккан индиялык туркомпаниялардын суроолору Элчиликке активдүү түрдө түшө баштаганын айта кетүү зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK