Социалдык сайттарда жарыяланган кыргызстандык кыздын жаш жигиттер тобу тарабынан жабыр тарткандыгы тууралуу маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин териштирүүсү

6506

Социалдык сайттардын колдунуучусу тарабынан («Фейсбук» – Тилек Таалайбеков) кыргызстандык кыздын жаш жигиттер тобу тарабынан зордукталышы тууралуу маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

Бул кырдаалды териштирүү үчүн Элчилик 2019-жылдын 14-мартында Россиянын ИИМнин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгына расмий кат жөнөткөн.

2019-жылдын 12-мартында социалдык тармактагы баракчасында өзүнүн пайдалануучу («Фейсбук» – Тилек Таалайбеков) түз эфир аркылуу эки жолу кыргыз кызынын бир топ эркектер тарабынан зордукталгандыгы тууралуу, ошондой эле экинчи видео кайрылуусунда КРнын жаранынын башка улуттагы эркектердин бул оор кылмышты жасагандыгы тууралуу билдирген.

КРнын ИИМнин РФдагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерелери аны менен телефон аркылуу байланышкандан кийин Т. Таалайбеков экинчи видеосун өчүрүп койгон. Бирок кыска мөөнөттүн ичинде аталган видеону көргөн интернет колдонуу  КРнын жарандарынын арасында терс пикирлер пайда болуп, коомдук резонансты пайда кылган.

КРнын ИИМнин РФдагы Өкүлчүлүгүнүн жана КМШнын УКККБнын (Уюшулган кылмышка каршы күрөштү координациялоо Бюросу)   Россиянын ИИМнин Башкы башкармалыгынын тийиштүү бөлүмдөрү менен биргелешкен аракеттери менен Кыргызстандын жаранынын зордукталышы тууралуу факт полиция бөлүмдөрүндө катталбагандыгы, ошондой эле мындай факты болбогондугу аныкталган.

Жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагында, видеохостинговом «YouTube» сайтынын видеохостингинде, ошондой эле «WhatsApp» мессенджери аркылуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башка улуттагы жарандары менен зордукталшандыгы тууралуу маалыматтын алгачкы булагы жок экендиги такталган жана ал жалган маалымат болуп чыккан, себеби:

- түз эфир аркылуу социалдык тармактарга жарыялаган жаран аныкталды, ал 1990-жылы 13-январда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган Таалайбеков Тилек Таалайбекович болуп чыкты, ал телефон аркылуу келген маалымат жана үн жазылган маалыматтын негизинде жакшы тааныш эмес “Аскарбек” деген жарандын айтуусу боюнча видео кайрылуу жасагандыгын мойнуна алган.

- ошондой эле тийиштүү чаралардын негизинде “Аскарбек” деген жарандын инсандыгы такталган, ал 1995-жылы Талас облусунун Талас районунда туулган Бакасов Аксарбек Курмангазиевич экендиги такталып, КРнын ИИМнин РФдагы Өкүлчүлүгүнө чакырылган. Маек учурунда ал 2019-жылдын 6-мартында келинчегинин таанышы, КРнын жаранынын өтүнүчү менен Москва шаарынын Выхино районундагы жатаканадан анын сиңдисин бир жылдан бери башка улуттун өкүлү менен жашап жаткан жеринен алып келгендигин баяндап берген.  Ошону менен бирге Аскарбек зордуктоо иши, кылмышка шектүүлөрдүн кармалышы тууралуу фактыны кесиптештер алдында “алдамчы” болуп көрүнбөө үчүн ойунан чыгарып жарыялагандыгын мойнуна алган.

Чындыкка дал келбеген, такталбаган мындай видео кайрылууларды коомчулукка жарыялоону иликтөө иши РФнын ККнин тийиштүү беренелери боюнча кылмыш иши катары караларынан кабар берет.

Мындан сырткары, жогоруда белгиленген жаран интернет каражаттарда, социалдык тармактагы өзүнүн баракчасында коомчулукта чагымчылыкка алып келүүчү резонансты чакыруучу терс мүнөздөгү ар кандай акция, митингдерге чакыруу менен маалыматтарды системалуу түрдө таркатып келгендиги аныкталды.

Такталбаган улуттардын араздашуусуна алып келүүчү маалыматты коомчулукка таркатуу фактысы азыркы кезде тийиштүү укук коргоо органдары тарабынан иликтенүүдө, жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет жана РФнын мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги КРнын ИИМнин РФдагы Өкүлчүлүгү менен бирге интернет каражаттарында жарыяланган бардык маалыматтарга тыкыр байкоо жүргүзүп коомчулукта терс пикирди жараткан жалган маалыматтар боюнча РФнын укук коргоо органдары менен биргеликте мыйзамдын чегинде чара көрүүнү колго алат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK