Москва шаарында  «Күнөстүү Кыргызстан Ысык-Көл 2019» туристтик форуму өттү

3457

2019-жылдын 20-майында Москва шаарында  «Күнөстүү Кыргызстан Ысык-Көл 2019» туристтик форуму өттү. Иш-чарага 300гө жакын адам катышышты, алардын арасында Кыргызстандын бир нече аймактарынын жетекчилери, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы, Ош облусундагы Ыйгарымдуу өкүлдөр А.Осмоналиев, У.Жылкыбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Жалал-Абад   облусундагы Ыйгарымдуу өкүлнүн орун басары М.Акматов, ошондой эле «Кыргызтуризм»  Мамлекеттик ишканасынын директору Д.Казаков жана Кыргыз Республикасынын инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин өкүлү болушту.

Иш-чара Элчиликтин көмөгү менен Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдар - “Ысык-Көл Ынтымагы”, “Ордолуу Ош”, “Нарын-Тенир Тоо”, “Баткен-Биримдиги”, “Жалал-Абад коому”, “Сары-Өзөн Чүй” жана “Талас Биримдиги” коомдук бирикмелер тарабынан уюштурулду.

Форумдун максаты Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, инвестициялык долбоорлорду  сунуштоо, ошондой эле россия рыногунда кыргыз продукциясын илгерилетүү болду.

Иш-чарада россия тарабынан Россиялык туриндустрия Союзунун Президенти С.Шпилько,  КМШ өлкөлөрүнүн Экономикалык өнүгүү боюнча Ишкердик борборунун жетекчиси А.Павлова, Ростуризм, Россиянын туристтик операторлор Ассоциациясынын жана туристтиу агенттиктеринин жана компанияларынын өкүлдөрү катышты. Россиянын аймактарынан  Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Р.Мухаметшин, Алтай Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары И.Лозовая, Тюмень облусунун губернаторунун орун басары Э.Бакиев, ошондой эле Алтай крайынын, Омск, Иркутск, Свердлов, Новосибирск, Самара облустарынын жана Ханты-Мансийск округунун өкүлдөрү ардактуу конок болушту.

Туристтик форумда КРнын аймактарынын туристтик потенциалы сунушталып, Кыргызстандын туристтик тармагынын актуалдуу маселелери талкууланды, өлкөнүн экспорттук потенциалын илгерилетүү боюнча пикир алмашуулар болду. Мындан сырткары, Форумдун алкагында жети облустун өкүлдөрү тарабынан даярдалган азык-түлүк, буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду.  

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Форумдун катышуучуларынын кайрылуусу кабыл алынды.

«Күнөстүү Кыргызстан Ысык-Көл 2019»

туристтик форумунун катышуучуларынын

КАЙРЫЛУУСУ

 

«Күнөстүү Кыргызстан Ысык-Көл 2019» туристтик форумунун катышуучулары:

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда артыкчылыктуу стратегиялык өнөктөштүктү дагы жолу бекемдеген Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргыз Республикасына болгон Мамлекеттик сапарынын жыйынтыктарынын жемиштүүлүгүн белгилейт жана колдойт;

Эки мамлекеттин Башчыларынын негизги чечими элдерибиздин ортосундагы достук жана союздаш мамилелерди бекемдөөнүн символу катары 2020-жылды Россияда Кыргыз Республикасынын Жылы жана Кыргызстанда Россия Федерациясынын Жылы деп жарыяланышы болду. 

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков өлкөнүн туристтик чөйрөсүнүн жана экспорттук потенциалынын өнүгүүсүнө, анын ичинде Евразиялык экономикалык союзга Кыргызстандын катышуусунун катышуунун алкагында артыкчылыктуу маани берет;

Бүгүнкү күнү туризм экономикалык эле негиздерге ээ болбостон, ар дүйнөлүк кандай цивилизация жана маданийттар  жуурулушкан социлдык-маданий жана эл аралык мааниге ээ экендигин таануу менен;

Өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүүгө, анын ичинде атаандыштыкка жөндөмдүү сапаттуу продукцияны чыгаруу, тейлөо тармагын, инфраструктураны өркүндөтүү, ошондой эле тарыхый жана маданий мурастарды сактоого багытталган Кыргызстандын Өкмөтүнүн аракеттерин белгилешти.  

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы туристтик жана экспорттук чөйрөлөрдөгү кызматташуунун жогорку потенциалын эске алуу менен, төмөндөгүлөрдү ишке ашыруунун зарылдыгы белгиленди:

- кыргыз-россиялык кызматашууну өстүрүүдө күч-аракеттерди бириктирүү, туристтик жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө өз ара аракеттерди мындан ары тереңдетүү максатында ишкердик чөйрөлөр ортоснуда туз байланышты түзүүгө көмөктөшүү.

- экспорттун толугу менен өсүүсүнө, инвестиция тартууга жана туристтик агымдарды көбөйтүүгө тоскоол болгон маселелерди жоюу боюнча мамлекеттик органдар менен ишкердик коомчулуктун аракеттерин консолидациялоо. Кыргыз эскпорттук продукцияны таанытуу, жайылтуу үчүн “Кыргызстанда жасалган” бренди менен чыккан продукцияны тышкы рынокторго активдүү түрдө илгерилетүү.

Форумдун катышуучулары туристтик агымдарды жана соода-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууну камсыздоо үчүн пайдаланылбай жаткан резервдерди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынын чара көрүлүүсүн белгилешти.

Өткөрүлгөн иш-чаранын маанилүүлүгүн таануу менен иш-чаранын уюштуруучулары россиялык өнөктөштөрдү Кыргыз Республикасын көрүүгө жана Кыргызстандын келечектүү долбоорлоруна инвестиция салууга чакырышты.  

Москва ш., 20 - май 2019- жыл

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK