Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Сербия Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирослав Лазански менен  жолугушуусу өттү

3335

 

2020-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Сербия Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирославом Лазански менен сербия тарабынын демилгеси боюнча  жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин, эл аралык уюмдар, туризм, билим берүү жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр алкагында кызматташуунун азыркы абалы тууралуу пикир алмашуулар болду.

Сербия тарабы эки тараптуу мамилелерди интенсификациялоого, өлкөлөр ортосунда кызматташууну бекемдөөгө, эң жогорку денгээлде жана тышкы иштер министрликтердин башчыларынын деңгээлинде эки тараптуу жолугушууларды көбөйтүүгө кызыкдар жана даяр экендиктерин билдирди.

Эки тараптуу мамилелерди интенсификациялоо максатында Элчи А.Джекшенкулов сербия тарабынан тийиштүү Нота жөнөтүлгөн учурда агреман алуусу жана анын КРсына сапарын уюштуруу боюнча көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Сербиянын ортосунда ар кандай чөйрөлөрдө достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө келишимине келишти. Кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара байланыштар үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK