Москва шаарынын Хамовники району боюнча Ички иштер министрлигинин бөлүмүнө кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Эмилбаева Махбураттын кармалышы боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги төмөнкүлөрдү билдирет.

2233

Москва шаарынын Хамовники району боюнча Ички иштер министрлигинин бөлүмүнө кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Эмилбаева Махбураттын кармалышы боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги төмөнкүлөрдү билдирет.

2021-жылдын 9-июнунда  Кыргыз Республикасынын жараны Эмилбаева Махбурат полиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалгандыгы жөнүндө маалымат келип түшөрү менен  Элчиликтин кызматкерлери Москва шаарынын Хамовники району боюнча Ички иштер министрлигинин бөлүмүнө барышкан.  Аталган жерге барганда жаран Эмилбаева Махбурат административдик укук бузуу ишин кароо үчүн Москва райондук сотуна жеткирилгени маалым  болгон.

Иштин чоо-жайын тактоо үчүн Элчиликтин кызматкерлери райондук сотко келип,  сүйлөшүүлөрдөн кийин сот процессине катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бирок, бул иш боюнча жетиштүү далилдердин жоктугуна байланыштуу  сот отуруму болгон жок.

Хамовники райондук сотунун судьясы ишти кемчиликтерди жоюу үчүн Москва шаарынын Хамовники району боюнча Ички иштер министрлигинин бөлүмүнө кайтаруу жөнүндө соттун чечимин чыгарды.

Мындан тышкары, толук маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлдөрү Москва шаарынын Хамовники району боюнча Ички иштер министрлигинин бөлүмүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүштү.

Сүйлөшүү учурунда Москва шаарынын Хамовники району боюнча Ички иштер министрлигинин бөлүмүнүн кызматкерлери Эмилбаева Махбурат 48 саатка камакка алынганын жана ушул эле сотко 2021-жылдын 10-июнунда экинчи соттук териштирүү жүргүзүү үчүн  жеткирилерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK