Во исполнение Указа Президента Кыргызской Республики «О порядке репатриации в Кыргызскую Республику тел граждан Кыргызской Республики, умерших за рубежом» от 22 февраля 2021 года УП №56, и постановления Правительства Кыргызской Республики «О мерах по покрытию расходов, связанных с репатриацией в Кыргызскую Республику тел граждан Кыргызской Республики, умерших за рубежом» от 23 апреля 2021 года №169, в Посольстве Кыргызской Республики в Российской Федерации образована Комиссия по рассмотрению заявлений на получение единовременных выплат на покрытие расходов по репатриации тел граждан Кыргызской Республики, умерших за рубежом.

1809

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-февралындагы № 56 «Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу тартиби жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-майында күчүнө кирген Токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине алып кетүү чыгымдарын жабуу үчүн жазган арызын кароо боюнча Комиссиясынын түзүлгөн.

Аталган токтомго ылайык сөөктөрдү (жүк-200) алып кетүү чыгымдарын ишке ашырган жакын туугандары же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилген адам бир жолку төлөмдү  кайтарып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында да, Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борборго, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык жана консулдук мекемелерине да кайрыла алат.

Комиссия түзүлгөн күндөн бери Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын жакын туугандарынын бир жолку төлөмдөрдү алуу маселелери боюнча 6 арыз каралды.

Элчилик бир жолку төлөм боюнча маселени чечүү үчүн төмөнкү бөлүмдөргө гана кайрылуу мүмкүн экендигин баса белгилейт:

1. Москва шаарындагы Элчиликтин консулдук бөлүмү;

2. Генеральное консульство КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу;

3. КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу;  

4. Элчиликтин Владивосток шаарындагы Канцеляриясы;

5. Элчиликтин Иркутск шаарындагы Канцеляриясы;

6. Элчиликтин Красноярск шаарындагы Канцеляриясы;

7. Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы;

8. Элчиликтин Сургут шаарындагы Канцеляриясы;

9. Элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы Канцеляриясы;

10. Элчиликтин Якутск шаарындагы Канцеляриясы.


Элчилик жогорудагы мекемелер менен түздөн-түз байланышууну кайталап сунуштайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK