2021-жылдын 17-июнунда Москва шаарында болгон иш-сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен, КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - КРнын Экономика жана финансы министри Акылбек Үсөнбекович Жапаровдун «Гидропроект Институту» ААКнын Башкы директору Евгений Николаевич Беллендир менен жолугушуусу болуп өттү.

1890

Жолугушуунун жүрүшүндө россия тарабына Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы кырдаал, гидроэнергетика жаатындагы долбоорлорду биргелешип даярдоонун жана илгерилетүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берилди. Бул жааттагы долбоорлорго ири каржы институттарын тартуу боюнча кыргыз тараптан көрүлүп жаткан чаралар кыскача белгиленди. Е.Беллендир жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасында «Гидропроект Институту» ААКнын филиалын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Тараптар артыкчылыктуу блокту жана гидроэнергетикалык объектилердин тизмесин аныктоонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө макулдашышты. А.Жапаров Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык союздаштык жана өнөктөштүк маанайындагы мындан аркы жемиштүү иштөөгө ишенимин билдирди.

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - КРнын Экономика жана финансы министри А.Жапаровдун ушул жылдын 17-19-июнь күндөрү ВДНХда 18-июнда өтө турган КМШ Экономикалык Кеңешинин 90-отурумуна катышуу үчүн Москвада болот. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жардамы менен Экономикалык кеңештин алкагында А.Жапаровдун Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык багыттагы артыкчылыктуу маселелерди талкуулоо үчүн Россия Федерациясынын Премьер-министринин орун басары А.Оверчук менен эки тараптуу жолугушуусу болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK