2021-жылдын 18-июнунда КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - КРнын Экономика жана финансы министри Акылбек Үсөнбекович Жапаров башында турган кыргыз делегациясы КМШ Экономикалык Кеңешинин кезектеги 90-жыйынына катышты.

1507

Күн тартибине экономикалык жана социалдык маселелердин кеңири чөйрөсү киргизилген. КМШ Экономикалык Кеңешинин мүчөлөрү КМШга мүчө - мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыктын эң актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты, КМШнын тармактык органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн келечегин жана мамлекеттердин жана КМШнын Аткаруу Комитетинин алдында турган негизги милдеттерди талкуулашты.

Андан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө КМШнын тармактык кызматташтык органдарынын ишин жандандырууга өзгөчө көңүл бурулуп, КМШ Экономикалык Кеңешинин жыйындарында тармактык кызматташтык органдарынын отчетторун, алар көзөмөлдөгөн экономиканын тармактарынын көйгөйлөрүн жана өнүгүү келечектерин баалоо менен үзгүлтүксүз угуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.
КМШ Экономикалык Кеңешинин кийинки отуруму 2021-жылдын 24-сентябрында Москва шаарында өтөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK