2021 -жылдын 03 -сентябрында Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин 2 -курсунун «Региондорду таануу» жана «Саясат таануу» адистиги боюнча кыргыз тилин үйрөнүп жаткан студенттери манасчы Доолот Сыдыковдун аткаруусундагы «Манас» эпосун угуу үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине келип кетишти.

1855

2021 -жылдын 03 -сентябрында Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин 2 -курсунун «Региондорду таануу» жана «Саясат таануу» адистиги боюнча кыргыз тилин үйрөнүп жаткан студенттери манасчы Дөөлөт Сыдыковдун аткаруусундагы «Манас» эпосун угуу үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине келип кетишти.

Студенттер «Манас» уникалдуу баатырдык эпосун угушту, мындан тышкары философия илимдеринин доктору, манас таануучу Ж.Орозбекова студенттерге «Манас» эпосунун пайда болуу тарыхы боюнча лекция окуду. Лекция учурунда ал көрүнүктүү манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей» жана «Сейтек») кеңири сүрөттөп берди.

Эске салсак, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Доолот Сыдыков Гиннестин рекорддор китебине кирүү үчүн 31 –августтан тартып «Манас» эпосун айта баштаган. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин имаратында үч күндөн бери манасчы Дөөлөт Сыдыковдун айтуусунда улуу эпос жаңырып жатат.

Ошондой эле Элчилик манас таануучу Ж.Орозбекованын Москвада Кыргызстан менен Россиянын фольклористтеринин чоң жолугушуусун өткөрүү демилгесин колдоду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK