2021-жылдын 28-ноябрында Краснодар убактысы боюнча саат 20.00дө (Бишкек убактысы боюнча 23:00) Краснодар шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын шайлоо участогу ишин аяктады.

1533

2021-жылдын 28-ноябрында Краснодар убактысы боюнча саат 20.00дө (Бишкек убактысы боюнча 23:00) Краснодар шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын шайлоо участогу ишин аяктады.

Алдын ала маалымат боюнча, Краснодар шаарындагы шайлоо участогунда КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо 50 жаран добуш берди.

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө байкоочулар тарабынан шайлоо укуктарын бузуу фактылары катталган жок.

Шайлоо санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын эске алуу менен өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK