Элчилик Кыргыз Республикасынын паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрүн алууда «ортомчулук кызматын» көрсөтүү, ошондой эле кара «тизмеден» чыгарууга жардам көрсөтөм деген сыяктуу алдамчылык фактыларынын көбөйгөндүгүнө Кыргызстандын жарандарынын көңүлүн буруп, ортомчулардын кызматынан пайдаланбоого чакырат.

2299

Эске салсак, Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинде алдамчылык үчүн 2 жылдан 10 жылга чейин, ал эми документтерди жасалмалоо үчүн 2 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Белгилей кетсек, учурда Россия Федерациясынын укук коргоо органдары алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат.

Милиция кызматкерлери тарабынан С.Б. аттуу жаран жоголгон паспортун калыбына келтирүүгө жардам көрсөтөм деген шылтоо менен М.К. аттуу Кыргызстандын жаранын алдаганын аныкташкан. Жыйынтыгында С.Б. аттуу жаран М.К. аттуу жарандан 10 000 рубль алып, жасалма паспорт берген. Учурда бул паспорт кайра алынды. С.Б. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында жабырлануучу М.К. материалдык зыянга учураган.

Бул факты боюнча ИИМ Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Учурда С.Б. аттуу жаран кармалып, Москва шаарындагы СИЗОго киргизилди.

Элчиликик эскертет:

  • Консулдук кызматтарды алуунун бирден-бир туура жана коопсуз жолу –Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелерине түздөн-түз жеке кайрылуу.
  • Этияттык жана зиректик гана терс кесепеттерден сактанууга жардам берет!
  • Алдамчылык фактылары дароо милицияга билдирилиши керек!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK