2022-жылдын 29-сентябрында консулдук иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу М.Жолдошбеков Мордовия Республикасынын түзөтүү колонияларына барды

1133

2022-жылдын 29-сентябрында консулдук иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу М.Жолдошбеков Мордовия Республикасынын түзөтүү колонияларында, анын ичинде ФММ ТК №2, ФММ ТК №4, ФММ ТК №7, ФММ ТК №17, ФММ ТК №18 кармалып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына барды.

Мордовия Республикасынын түзөтүү мекемелеринде Россия Федерациясынын аймагында ар кандай категориядагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон Кыргыз Республикасынын 73 жараны бар.

Жолугушууда М.Жолдошбеков аталган мекемелерде жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен жекече баарлашып, ар кандай маселелер боюнча, анын ичинде жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына которуу боюнча кеңири кеп-кеңештерин берди.

Ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында жүргүзүлүп жаткан Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнө жарым-жартылай мобилизациялоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чет мамлекеттердин аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги тууралуу маалымат берилди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK