2022-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Самат кыргыз элинин руханий баалуулуктарын өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошкон белгилүү комузчу, композитор Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына арналган эскерүү кечесине катышты.

1010

2022-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Самат кыргыз элинин руханий баалуулуктарын өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошкон белгилүү комузчу, композитор Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына арналган эскерүү кечесине катышты. Иш-чараны «Мундуз Ордо» эл аралык бирикмеси жана «Алтын Кол плюс» коомдук фонду уюштурду.

Өз сөзүндө Элчи Г.-К. Самат эл арасында «Күү атасы» деген атка татыктуу болгон Кыргыз Республикасынын Эл артисти Н.Абдрахмановдун бай жана кайталангыс чыгармачылыгын белгилеп өттү.

Анын көптөгөн чыгармалары кыргыз элинин маданияты, тарыхы тууралуу түрдүү программаларга музыкалык коштоо катары колдонулган.

Ошондой эле иш-чарага Кыргызстандын жана Россиянын чыгармачыл чөйрөсүнүн өкүлдөрү, кызы Ширин Абдрахманова, «Нурак күүлөрү» китебинин авторлошу Мастура Бердибекова, улуу комузчу Н.Абдрахмановдун чыгармаларын аткарган окуучулары, ошондой эле Москва шаары боюнча кыргыз диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK