Элчиликтин маалыматтык билдирүүсү

950

2022-жылдын 23-ноябрында Элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы Канцеляриясынын (бөлүмүнүн) биринчи катчысы Г.Байымбетова Сахалинск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары А.В.Бутуханов жана Сахалинск облусунун паспорттук-виза сервисинин директору А.Холодилов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сахалинск облусунда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу келүүсү, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери, учурда жарандарыбыз медициналык кароодон өтүүдө жана манжа изин алуу процедураларынан өтүүдө, ошондой эле миграциялык каттоону узартууда кездешип жаткан көйгөйлөр жана тоскоолдуктар боюнча маселелер талкууланды.

         Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жарандарына миграция чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү боюнча иштин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Канцеляриясы менен Паспорттук-виза сервисинин ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK