2023-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат Сирия Араб Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Башар Аль-Джаафари менен жолугушту.

679

2023-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат Сирия Араб Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Башар Аль-Джаафари менен дипломатиялык өкүлчүлүктө жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Сирия Араб Республикасынын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Сириянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK