Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

3568

Социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматка байланыштуу, Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы жарандык паспортторунун алуу/алмаштырылышын каттоону токтотуу боюнча иш токтотулгандыгы жөнүндө, Элчилик анын туура эместигин жана чагымчыл мүнөзгө ээ экендигин билдирет.

Россия Федерациясындагы кыргыз жарандарынын саны

            Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин 2019 жана 2020-жылдардагы миграциялык каттоого тургузуу жана алып салуу боюнча маалыматтарын талдоо көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө Россия Федерациясынын аймагында 700 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жарандары бар.

            Москва шаарында жана Москва облусунда Кыргыз Республикасынын бир регионунун калкына теңелген 350 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жарандары бар, аларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жүздөгөн кызматкерлери тейлейт.

            Паспорттук маселелерден тышкары, Элчилик тарабынан жарандык маселелери, ЗАГС, нотариустар маселелери дагы иштелип жатат, өз мекенине кайтып келүү жана Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча күбөлүктөрдү берүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү керек, буга байланыштуу кайрылуучулардын санынын жана кадрдык потенциалынын пропорционалдуу эмес экендиги белгилеп кетүү абзел.

            Элчилик жарандардан паспорт берүү үчүн алдын-ала каттоодон өтүү зарылдыгына байланыштуу убактылуу кырдаалды түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт, коронавирустук инфекциянын пандемиясынан келип чыккан жаз жана жай айларында аба каттамдарынын токтотулушуна алып келген, бул себептен улам Элчиликке паспорт алмаштыруу боюнча көп кайрылууга алып келген.

Паспортторду каттоо

            Ушул жылдын башынан тартып 2020-жылдын 25-декабрына чейин Элчилик жаңы паспортторду алууга- 6697 кайрылууну кабыл алды, 4468-жаңы паспортторду берди, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын 11 165 жаранына кызмат көрсөтүлдү.

            Ошол эле учурда, паспорт маселелери боюнча жарандардын негизги агымы 2020-жылдын октябрь, ноябрь декабрь айларында байкалган, ошондуктан Кыргыз Республикасынын 7 миңге жакын жараны тейленди.

            2019-жылдын бүткүл мезгилинде болгону 4457 паспорт берилген.

            Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы №256 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 9 миңге жакын жарандарынын паспортторунун жарактуулук мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартылган.

            Ушуга байланыштуу, аймактардан келген көптөгөн жарандарды кабыл алууну жана жардам көрсөтүүнү тартипке келтирүү максатында, ошондой эле акча табуу үчүн паспортторду кезексиз каттоодо жарандарды өткөрүүгө убада берген шылуундардын ишин токтотуу максатында, Элчилик тарабынан алдын ала жазылуу процедурасын убактылуу киргизүүгө аргасыз болду, кайрылууну электрондук дарекке жөнөтүү жолу менен. Ошентип, 2020-жылдын 25-декабрына карата, паспорт маселелери боюнча алдын-ала катталуу процесси 2021-жылдын 2-февралына карата жүргүзүлүп жатат. Электрондук почта аркылуу күнүнө орто эсеп менен 230 арыз келип түшөт.

            Ошол эле учурда, кызмат 2020-жылдын сентябрь жана декабрь айлары, жумасына дем алышсыз жүргүзүлдү. Элчиликтин кызматкерлеринин демилгеси менен паспорт маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу дем алыш - ишемби күндөрү жүргүзүлүүдө. Ноябрь айында майрам күндөрү да иш жүргүзүлдү.

Бир мезгилде башка консулдук кызматтар

Паспортторду берүү боюнча консулдук кызматтардан тышкары, 2020-жылдын 1-январынан 27-ноябрына чейин Элчиликтин консулдук бөлүмү жана Россия Федерациясынын 7 шаарында жайгашкан Элчиликтин кеңселери тарабынан 25 097 башка консулдук кызматтар көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, үйгө кайтуу боюнча 3313 күбөлүк жана балдар үчүн 4580 жасалган; Консулдук каттоого Кыргыз Республикасынын 16407 жараны катталган; Кыргыз Республикасынын жаранынын Жеке идентификациялык номерин берүү үчүн 400дөн ашык арыз кабыл алынган; жарандыкты аныктоо үчүн 226 документ кабыл алынды; Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 90 арыз; Кыргызстандын жарандыгын алууга 55 макулдук берилген; 26 нотариалдык иш-аракет жасалган.

            200дөн ашуун "жүк-200" жүктөрүн Кыргыз Республикасына жөнөтүүгө жардам көрсөтүлдү.

            2020-жылдын 11 айында Кыргыз Республикасынын жарандарынан 2124 арыз келип түшкөн.

            Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында 200дөн ашык консулдук сапарлар жүргүзүлгөн, анын ичинде полиция бөлүмдөрүнө, сотторго, моргдорго, окуя болгон жерге, Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча кеңселерине ж.б.

            Жол кырсыгы, өндүрүштүк жаракат жана башкалар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына сотко чейинки компенсацияны алууга 9,75 миллион рубль өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү.

Шайлоого даярдануу

            Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн документтерди даярдоо жана алардын укуктарын коргоо боюнча күнүмдүк иш менен катар, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, шайлоочулардын тизмесин түзүү боюнча элчиликтин иши күчөтүлдү.

            Ушул жылдын 25-декабрына карата Элчилик Москва шаарынын шайлоочуларынын тизмесине Кыргыз Республикасынын 15 миңден ашуун жаранын каттодон өткөздү. Ушул жылдын октябрь айында КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоо боюнча иштин алкагында, Москва шаарында шайлоочулардын тизмесинде Кыргыз Республикасынын 8973 жараны болгон. Ошол эле учурда, Россиядагы шайлоочулардын санынын өсүшүнө байланыштуу, элчилик тарабынан жүргүзүлгөн талыкпас иштин натыйжасында, КР БШК Москва шаарында кошумча 2 шайлоо участкаларын ачууну чечти. Бүгүнкү күнгө карата Москва шаарында Кыргыз Республикасынын 5 шайлоо участкасы ишин баштады (ушул жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо учурунда, Москва шаарында 3 шайлоо участкасы болгон.). Жалпысынан Россияда 15 ШКУ ачылды.

            Ошентип, элчилик тарабынан шайлоочулардын тизмеси боюнча иш консулдук функциялар менен катарлаш жүргүзүлөт.

Консулдук кызмат үчүн төлөм

            Элчиликтин кызматкерлеринин функцияларына каражат менен иштөө кирбейт. Жарандар консулдук кызмат үчүн акыны консулдук бөлүмдө орнотулган терминалдар аркылуу өз алдынча төлөшөт.

            Консулдук жыйымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана Кыргызстандын бардык чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү үчүн бирдей.

Кайрылуу

         Элчилик жарандарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын коомчулукту адаштырбоого жана жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

            Жарандарды кабыл алуу үчүн ар бир кабинада, фойеде жана Консулдук бөлүмдүн күтүү залында үн жаздырылган видеокөзөмөл камералары орнотулган жана Элчилик жарандарды кабыл алуу учурунда пайда болгон конкреттүү кырдаалдарды иликтөөгө мүмкүнчүлүк алат.

            Буга байланыштуу, Элчилик консулдук кызматкерлердин аракеттери боюнча конкреттүү фактыларды тиешелүү билдирүүлөр менен кайрылууну өтүнөт, алар кылдаттык менен изилденип, текшерилет жана күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алат.

            Кошумча суроолоруңуз болсо, анда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишеним телефону - +996 312 66 06 75, ошондой эле Элчилик төмөнкү байланыш телефон номерин колдонуу менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн белгилейбиз: + 7 (499) 230 - 11 - 17, электрондук дарек: kgembassy.ru @ mfa.gov.kg.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK