Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

2556

ММКларда жана социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматка байланыштуу, “Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинин кызматкери каттоодон өтүү үчүн дипломатиялык өкүлчүлүккө келген жаранга “Садыр Жапаровго добуш бересизби?” деген маалыматтын таркатылышына байланыштуу-Элчилик төмөнкүлөрдү билдирет.

Аталган жаран, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук каттоосунда жок, ал Кыргыз Республикасынын паспортун же Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгүн алуу маселелери боюнча да кайрылган эмес.

Бардык кызматкерлер өз ишин так аткаруу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүшөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин алдыда боло турган кезексиз шайлоодо мамлекеттик кызматкерлерге коюлган чектөөлөр жана административдик ресурсту колдонууга, анын ичинде каалаган талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берилбестиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалымат берилген.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин имаратында үн жазуусу менен видеобайкоочу камералар орнотулган, буга байланыштуу элчиликтин кызматкерлеринин ар кандай аракеттерин текшерүүгө болот. Буга байланыштуу, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз аракеттер болгон фактылар аныкталган учурда, Элчилик тиешелүү билдирүүлөр менен кайрылууну суранат. Бардык кайрылуулар кылдаттык менен изилденип, текшерилет.

Ошол эле учурда, ушул күнгө чейин элчиликке жарандардан элчиликтин консулдук кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча бир дагы жазуу жүзүндө кайрылуу түшө электигин белгилейбиз.

Жана ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги такталбаган маалыматтарды жайылтуу шайлоо алдындагы мезгилде чагым экендигин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралгандыгын эскертет.

Жарандарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын жалган жана чагымчыл маалыматтарды таратпоого, коомчулукту адаштырбоого чакырабыз.

Кошумча суроолоруңуз болсо, кайрылууңузду ишеним телефонуна калтырыңыз: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги - ишеним телефону: +996 312 66 06 75; Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги: +7 (499) 230-11-17, электрондук дареги: kgembassy.ru@mfa.gov.kg.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK