Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин социалдык тармактарда таркатылып аткан видеотасмага байланыштуу маалыматтык билдирүүсү
Социалдык тармактарда таркатылып аткан видеотасмага байланыштуу: окуяга күбө болгондордун айтымында, “Метро: Строгинодо Укук коргоо кызматкерлери Кыргызстандын жаранын сабап жатышат » делген маалымат боюнча, Элчилик төмөндөгүчө билдирет:
Элчилик Москва шаарынын Тергөө башкармалыгына тиешелүү кайрылуу жөнөттү.
Укук коргоо кызматкерлери менен байланыш түзүлдү.
Окуянын чоо-жайы жана такталып жатат, жабырлануучунун Кыргызстандын жарандыгына таандык экендигин тастыктоо иретинде.
Маселе, Элчиликтин көзөмөлүндө.