Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

2233

Массалык маалымат каражаттарында "Кыргызстандын жараны Москванын борборунда карды тазалап жатып, чатырдан кулап каза болду" деген маалыматка байланыштуу, төмөнкүлөрдү билдиребиз.

Москва шаарынын Хавомвники районунун полициясынын маалыматы боюнча, 2-Вражский тилкесинде чатырды кардан тазалап жатып каза болгон жаран, Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда 1989-жылы туулган А.Б.
Элчилик окуяны ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу үчүн Москва шаарынын Хамовники району боюнча Тергөө башкармалыгына тиешелүү кайрылуу жөнөттү. Тергөөчү менен байланыш түзүлдү.
Ошондой эле, эмгек инспекциясына эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүү боюнча кайрылуу жөнөтүлдү.
Элчилик маркумдун туугандары менен байланышта.
Суроо Элчиликтин көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK