2021-жылдын 10-январында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө (Бишкек убактысы боюнча 07.00) Красноярск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңсесинде № 9003 шайлоо участкасы ачылган

1893

2021-жылдын 10-январында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө (Бишкек убактысы боюнча 07.00) Красноярск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңсесинде № 9003 шайлоо участкасы ачылган, Красноярск ш., проспект Мира көчөсү, 132.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө жабык болот.

Красноярск шаарындагы Кыргыз Республикасынын шайлоо участкасында шайлоочулардын тизмесинде Кыргыз Республикасынын 1609 жараны катталган.

Эгерде сиз өзүңүздүн шайлоо участкаңызды таба албай кыйналсаңыз, анда консул Т. Доронбековго кайрылыңыз. Байланыш телефону: 83912343408.

Сизде сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун түрлөрү болушу керек - Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспорту, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык же кызматтык паспорту.

Элчилик жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK